«Ысык-Көл – 2024» экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бир катар документке кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, анын ичинде уставдык капиталы 1 млрд доллар болгон инвестициялык фонд түзүү тууралуу меморандум бар. Ошондой эле Казарман ГЭСин куруу, курулуш материалдарын өндүрүү боюнча кызматташтык жана башка жалпы жети меморандумга жетишилди.
Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн ишкерлери катышты.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.