Кыргызстанда тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2027-жылга туура келет.
Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун маалыматына караганда, сумма 500 миллион доллардан ашат. «Ошонун ичинен эң көп Кытайга төлөөгө мажбур болобуз. Сумма 232 миллион долларга туура келет», — деди Татиков.
Кошумчаласак, андан башка Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк өңдүү көп тараптуу кредиторлор бар.