Улуттук банк валюта рыногуна рекорддук суммада доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна рекорддук суммада доллар сатты.

 

Кечээ интервенцияда 87,5 миллион доллар сатылды. Бул каржы рыногун жөнгө салган органдын тарыхында рекорддук көрсөткүч.

 

Буга чейин эң ири интервенция жыл башында, 27-январда жасалып, 86,5 миллион доллар сатылган болчу. Быйыл өлкөнүн башкы каржы мекемеси тарабынан 8 жолу чет элдик валюта сатылып, анын жалпы суммасы 419 миллион 850 миң долларга жетти.