Кыргыз-тажик чек ара маселеси Тажикстанда талкууланды

Согд облусунун Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулаган жана бул боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоону улантуу жагынан конкреттүү тапшырмалар берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.