Казакстан Кыргызстан менен биргеликте логистикалык борбор түзүү үчүн Чү дарыясында көпүрө курат

Казакстан Кыргызстан менен биргеликте логистикалык борбор түзүү үчүн Чү дарыясында көпүрө курат. Коңшу өлкөнүн өкмөтү тиешелүү макулдашуунун долбоорун жактырды.

 

Комплекс «Ак-Тилек» чек ара өткөрүү бекетинин аймагында пайда болот. Казакстандын бөлүгү Чү дарыясынын Жамбыл облусуна тиешелүү тилкесинде орун алат.

 

Индустриалдык-соода-логистикалык комплексинде айыл-чарба продукциясын сактоого жана кайра иштетүүгө шарттар түзүлөт. Эки объекттин ортосунда товарды ташууга көрүрө курулат. Ал бардык чек ара инфраструктурасы менен жабдылып, видео байкоо камералар дагы орнотулат.