Кыргызстан быйыл күз-кыш мезгилине 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан 1 млрд 700 млн кВт/саат, Казакстан менен Россиядан ушундай эле көлөмдө, ал эми Өзбекстандан 500 млн кВт/саат электр жарыгы сатып алынат. Жалпысынан 3 млрд 900 млн кВт/саат электр энергия импорттолот.
Калган керектөө өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр жарыгы менен жабылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.