Россиялык компания Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады.
ТАСС агенттиги маалымдагандай, жеткирүү Казакстандын энергосистемасы аркылуу ишке ашууда.
Ага ылайык, быйылкы жылдын апрелинен кийинки жылдын мартына чейин жалпы көлөмү 900 миллион киловатт-саат электр энергиясы экспорттолот.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда Россиядан 875 млн. кВт. саат электр энергиясын сатып аларын жарыялаган.