Кыргызстан – Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт

Кыргызстан – Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, оюн 5-сентябрда түнкү саат 10до башталат.

 

Эске салсак, футбол беттеши 2026-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.