Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болду

Балбан Акылбек Талантбеков Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медал утту.

Талантбеков 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, үч атаандашын жеңди. Чейрек финалда ал Рохит Дахияны (Индия) 7:1 эсебинде, жарым финалда Алиреза Мохмадипианини (Иран) 8:0 эсебинде утту. Финалдык беттеште казакстандык Диас Кален менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

 

Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча быйылкы Азия чемпионатында алтын байге алган үчүнчү кыргызстандык болуп калды. Буга чейин Акжол Махмудов (97 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Азия чемпиону аталган. Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг) жана Роман Ким (130 кг) коло байге алды. 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков күмүш байге алды. Ал финалда ирандык ирандык Мохаммад Балихамзехде менен күрөштү. Экинчи айлампанын акыркы мүнөтүнө чейин эки балбан тең төрттөн упай алып, тең келе жатышкан. Акыркы секундаларда таймаш талаш менен коштолуп, калыстар эки упайды ирандык балбанга жазып, жеңишти ага ыйгарышты.

Үзүр Жусупбеков ушуну менен Азия чемпионатынын күмүш байгесин алгачкы жолу алды. Ал буга чейин аталган континенталдык мелдеште үч коло байге утуп, 2019-жылы чемпион болгон.

 

Жалпы эсепте Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары бул Азия чемпионатынан үч алтын, бир күмүш, үч коло медал менен командалык эсепте 2-орунду ээлешти. 1-орундагы ирандык команда беш алтын, эки күмүш жана бир коло байге алса, мелдеш кожоюндары болгон казакстандыктар бир алтын, эки күмүш жана беш коло менен 3-орунда жайгашты.

Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты Казакстандын борбору Астанада 9-апрелде башталган. Ал 16-апрелде аяктайт.

Эртең, 11-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар башталат. Кыргызстандык кыздар 10 салмактын ичинен сегиз салмакта күч сынашат. Алар: Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Бермет Нуридин кызы (57 кг), Калмира Билимбек кызы (59 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Дилназ Сазанова (65 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг).