Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Документке ылайык, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди. Социалдык фонддун буга чейинки эсебине караганда, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар.

 

Учурда өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 9 миң 300 сомду түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.