Өлкө аймактарында электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн себеби айтылды

Өлкө аймактарында электр энергиясынын өчүрүлүшү автоматташтыруунун иштешин жөнгө салуу чараларына байланыштуу. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

 

Анын айтымында, суткалык керектөө 70 миллион киловатт-саатка чейин өсүп, иш жүзүндө азайбай жатат. Жогорку чыңалуудан улам, системанын автоматтык жүктөмүн азайтуу иштетилет. Эрежега ылайык, ал кечке маал иштейт, деп белгиледи Байгазиев.

 

Белгилеп кетсек, кыргызстандыктар үч жумадан бери электр жарыгынын маал-маалы менен бир нече сааттап өчүрүлүшүнө нааразы болуп жатышат.