Кыргызстанда 270тен ашык кыска мөөнөттүү бала бакча оңдолду

Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу иштерин улантууда. Бүгүнкү күндө 270тен ашык мындай объектилер оңдолду. Ошондой эле бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

 

Мекеме өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүү пландалып жатканын эске салат. Бул 3 жаштан 6 жашка чейинки 40 миңге жакын баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтууга мүмкүндүк берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.