Республикада эки миңден ашык мектепти интернетке кошуу пландаштырылууда

Республикада эки миңден ашык мектепти интернетке кошуу пландаштырылууда. Билим берүү министрлиги бул боюнча тендер жарыялады.

 

Долбоордун бюджети 33 миллион сомго бааланды. Документте туташтырууда техникалык мүчүлүштүктөр жаралса, подрядчы бул тууралуу Билим берүү министрлигине тез арада билдирүүгө жана объекттерди башкасына алмаштырууга милдеттендирилет деп айтылат.

 

Интернет майрам күндөрүн эске албаганда, ушул жылдын 1-февралынан 31-октябрына чейин күнү-түнү иштейт.