Түркия Караколго бала бакча курат

Учхисар районунун (Түркия) башчысы Осман Суслу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Каракол шаарында пландалган бала бакчанын курулушунун башталышы тууралуу маалымат берди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, бала бакча Учхисар шаарынын бюджетинин эсебинен курулган.

«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын катышуусунда Бишкекте бизнес-форумду биргелешип уюштурууну макулдашты», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 2-июлунда Каракол менен Учхисар ортосунда боордош шаарлар мамилелерин түзүү жөнүндө протоколго кол коюлган.