Нарын: сууктан улам эртең мененки сабактар бир саатка кеч башталмай болду

Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиясынын чечимине ылайык, Нарын шаарындагы окуу мектептеринде окууну баштоо эртең мененки саат 09:00гө жылдырылды.

Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, мындай чечим учурдагы ызгардуу суукка байланыштуу кабыл алынды.

«Нарын шаарында отурум өтүп, анда орто мектептердин жылуулугун нормага ылайык кармоо жана жылуулукту күн сайын көзөмөлгө алуу тийиштүү мекеме башчыларына тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.