Кыргызстанда айрым чоң микрокредиттик компаниялардын иши текшерилип жатат

Кыргызстанда айрым чоң микрокредиттик компаниялардын иши текшерилип жатат. Буга кардарлардын арызы негиз болгонун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

 

Мекеме алар жеке адамдарга жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык чендерди сактабай жатканын, кредит берүүнүн тартиби бузулганын билдирди.

 

Мындан тышкары көзөмөл органдарына жалган отчетторду берүү фактылары аныкталганын кошумчалады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.