Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлдү.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, эреже Бишкек-Кордай жолуна да тиешелүү. Ага ылайык, кошумча кайгуу күзөттөр коюлуп, ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалда болгон жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.

 

Дем алыштарда Бишкекти көздөй багыт алган айдоочулар тыгында калбаш үчүн мүмкүн болушунча жолго эртерээк чыгуу сунушталат.