Сириядан дагы 99 жаран Кыргызстанга алынып келди

Сириядан дагы 28 аял жана 71 бала Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

“Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында жалпы 99 жаран кайтарылды.

 

Акыркы жолу Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден былтыр Кыргызстандын 95 жараны мекенине жеткирилген.