Кыргызстанда автогаз боюнча абал сентябрдын ортосунда калыбына келет

Кыргызстанда автогаз боюнча абал сентябрдын ортосунда калыбына келет. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жеткирүүчүлөр менен жаңы келишимдер түзүлдү.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы айрым  жерлерде автогаз дагы эле тартыш болууда. Ал эми жыл башынан бери унаа газынын баасы 20 пайызга же бир литрине 7 сомго кымбаттады.

 

Мындай абал дүңүнөн жеткирүү көлөмү кыскарып, ал эми керектөө тескерисинче көбөйгөнүнө байланыштуу жаралганы кабарланган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.