Ушул жылдын 21-февралында Бишкек шаарынын эки конушунда суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо конушунда, саат 09:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордо конушунда суу өчүрүлөт.
Мэриядан белгилешкендей, бул күнү турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу болбойт.
Мунун себеби суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.