Боом капчыгайында кооптуу таштар атайлап түшүрүлүп жатат

Боом капчыгайында кооптуу таштар атайлап түшүрүлүп жатат. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, иштер темир жолдун 3 миң 901-чакырымында жүрүүдө.

 

Буга чейин бул тилкеде сел жүргөндүктөн, поезд курамынын коопсуздугу үчүн таштар атайлап түшүрүлүп жатат.