Кыргызстанда бир катар товарларга милдеттүү акциздик маркалоо киргизилет

Кыргызстанда бир катар товарларга милдеттүү акциздик маркалоо киргизилет. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, Министрлер кабинетинин токтому 1-сентябрдан тарта иштеп баштайт.

 

Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар акциздик марка менен маркалоого милдеттүү болгон товарлардын түрү төмөнкүдөй:

 

— ТЭИ ТН 2403 товардык позициясына киргизилген түтүктүү тамеки, тартуучу тамеки, жыттоочу, кальяндык (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекини кошпогондо);

 

— ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 жана 3811210000 товардык позициясына киргизилген майлоочу майлар, башка майлар, битумду камтыган тектерден алынган мунайды же мунай продуктыларын камтыган майлоочу майларга кошундулар.

 

Акциздик маркаларды алуу боюнча толук маалыматты (0312) 61-17-94 номери аркылуу билсе болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.