Кыргызстандыктар мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсепти тапшырышы керек

Кыргызстандыктар мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсепти толтуруп, тапшырышы керек. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, муну Cabinet.salyk.kg сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу же салык органына барып ишке ашырса болот.

 

Юридикалык жактар ​​1-апрелге чейин, жеке жактар ​​1-майга чейин эсептөөлөрдү тапшырышы керек. Кечиккен учурда 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат.