ЕӨБ Бишкектин жаңы башкы планын иштеп чыгууга каражат берүүнү көздөөдө

Евразия өнүктүрүү банкы Бишкектин жаңы башкы планын иштеп чыгууга каражат берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ордо калааны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди.

 

Анын айтымында, азыркы план 2025-жылга чейин иштелип чыккан. Бирок донор канча акча бере турганы азырынча белгисиз.