Кыргызстан Кытайга жаңгак экспорттой баштады

Кыргызстан Кытайга жаңгак экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн компаниялары менен 10 миң тонна жаңгакты Кытай Эл Республикасына экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Мындай аракеттер жаңгактын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын продукциясы үчүн жаңы рынокторду издөөгө багытталган.