Кыргызстанда биринчи жолу кармаш-уруш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын спорттук кармаш-уруш боюнча улуттук федерациясынын президенти Рамис Кыдыралиев билдирди.
Анын айтымында,спорттук иш-чара борбор калаадагы спорттук комплекстердин биринде 12-16-сентябрь күндөрү өтүп, 17 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Белгилеп кетсек, кармаш-уруш боюнча улуттук федерация 2015-жылы облустук деңгээлде түзүлгөн. Ал эми акыркы үч жылда Кыргызстандын улуттук спортунун түрүнө кирген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.