Көк бөрү боюнча райондор аралык мелдеште Талас командасы жеңишке жетти

«Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык Кыргызстандын чемпионаты жыйнтыкталды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке ар бир облустан бирден район жана Бишкек жана Ош шаарынан бирден команда катышты.

 

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

 

Мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун Талас району (Талас облусу);
  • 2-орун Ак-Суу району ( Ысык-Көл облусу);
  • 3-орун Сокулук району (Чүй облусу);
  • 4-орун Сузак району (Жала-Абад облусу).

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын райондор аралык чемпионаты биринчи жолу өткөрүлүп, иш-чараны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы уюштурду.

 

Оюндар 17-февралда башталып, 22-февралда жыйынтыкталды.