Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында экинчи алтын медалын жеңип алды. Турнир ушул күндөрү Тегеран шаарында өтүүдө. Кеңешбеков 3 миң метр аралыкты 8 мүнөт 8 секундда чуркап өтүп, Азиянын эки жолку чемпиону аталды.
Белгилеп кетсек, чемпионат бүгүн жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан 5 спортчу жөнөтүлгөн.