Кыргызстанда гимназия, лицей деген статустагы мектептер болбойт

Бир нече жылдан кийин Кыргызстанда гимназия, лицей деген статустагы мектептер болбойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Анын айтымында, билим берүү жөнүндө күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, “гимназия” жана “лицей” деген түшүнүктөр жок. Ошондуктан бардык мектептерге бирдей шарттар түзүлөт.

 

Министр мындай статуска ээ болуу үчүн окуу жайлар аккредитациядан өткөнүн билдирди. Алар 2028-жылга чейин статусун сактап калат. Бирок мындан ары андай аккредитация берилбейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.