Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу кыскартылат.
Билим берүү министрлиги эскертекендей, мартта окуучулар мурда белгиленгендей 10 күн эмес, беш күн эс алышат.
Муну менен мектептерде жазгы каникул 22-марттан 26-мартка чейин созулат.
Сабактар 27-мартта башталат.
Мындай чара сууктан улам кышкы каникулдардын узартылганына байланыштуу.