Кыргызстанда көмүрдүн импорту 2,5 эсе көбөйдү

Кыргызстанда көмүрдүн импорту 2,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Былтыркы жылдын январынан октябрь айына чейин өлкөгө 981 миң тонна көмүр жеткирилген.

 

Кара отундун дээрлик бардык көлөмү Казакстандан алынган, 11 тоннасы Россияга туура келет. Ал эми 2022-жылдын 10 айында республика 404 миң тонна көмүр импорттогон.