Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

Ушул жылдын 7-мартында Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.