Кыргызстанда кесиптик лицейлердин шарттары жакшыртылууда

Бүгүн Кант шаарындагы №25 кесиптик лицейде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Б.Өмүрзакова, Ысык-Ата районунун акимм Эрмекбай Омошев жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жаңыланган 9 колледж жана 10 кесиптик лицейдин онлайн бет ачар аземине катышты.

 

Билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө иштери Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен аткарылды.

 

Долбоор инклюзивдик кесиптик билим берүү системасын түзүүгө багытталган. Ал кесиптик-техникалык билим берүүнү башкарууну жана каржылоону күчөтүү, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди окутуу, кесиптик даярдоонун сапатын жана шарттарын жакшыртуу, тармактык кызматташттыкты кеңейтуу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишкердик көндүмдөрүн енүктүрүү боюнча багыттарды камтыйт.

“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун жетекчиси Нурлан Атаканов долбоордун алкагында 17 кесиптик лицей жана 17 колледжде оңдоо иштери жасалып, окутуунун жаңы усулдары иштелип чыкканын, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууу боюнча окутуулар уюштурулганын, бөлмөлөрү жана устаканалары жабдылганын, окуу жана өндүрүштүк шаймандыр менен камсыз болгону тууралуу айтып берди.