Аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берүү сунушталды

Аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берүү сунушталды. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тиешелүү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жалпы жыйынга алып чыгууга макулдук берди.

 

Документ аскер кызматында 20 жылдан ашык эмгектенгендерге жашап жаткан кызматтык үйлөрүн менчиктештирип алууга жол ачат.

 

Бирок, кызматтык үйлөрдү аскер адамы иштеп турган учурда менчикке чыгара албайт. Кыргызстанда соңку 10-15 жылдан бери аймактарда жана Бишкекте аскерлерге атайын үйлөр курулуп келет.