Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 100 миңге жакын адам кезекте турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Компания түзүлгөн 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 9 миң 346 адам үйлүү болгон.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, азыркы тапта Бишкекте 9 миңдей батирдин курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары аймактарда 22 миң батирлүү турак жай куруу иштери башталды.