Кыргызстанда кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок “жөнгө салуу иштери” жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.
Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл. Жайкысын ысык болгондуктан, көпчүлүгү кондиционер, желдеткчитерди иштетип, колдонуу 32-35 миллион киловатт-сааттын ордуна 40 миллиондон ашты. Кышкысын жарык берүүнү чектебеш үчүн жарандар азыртан электр энергиясын үнөмдүү колдонушу керек, — деп белгиледи министр.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.