Электр энергиясын өчүрүү боюнча абоненттерге эскертүү берилет

Электр энергиясын кыска мөөнөткө өчүрүү боюнча мындан ары абоненттерге эскертүү берилет.

Улуттук электр тармактары ишканасы билдиргендей, буга чейин аны ишке ашыруу мүмкүн болбой жаткан.

Себеби кайсы аймакта электр энергиясы көп керектелип жатканы белгисиз болчу.

Компания жарыкты убактылуу өчүрүүлөр ири аварияларды болтурбоо жана жабдууларды иштен чыгарбоо максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.