Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында иштер уланууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында иштер уланууда.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, куруучулар мамыларды орнотуу үчүн даярдык көрүп, фундамент тургузуу иштерин аткарып бүттү.

 

Учурда мамыларды монтаждоо жана линияларды тартуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Эске салсак,  CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан жана Тажикстандан электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга экспорттолот. Ошондой эле ал эл аралык стандарттар боюнча электр энергиясын сатуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу максатын көздөйт.