Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегаты жаңыртылат.
Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 4-гидроагрегат ушул жылдын ноябрь айына чейин реконструкциядан өтөт.
Анын жыйынтыгы менен станциянын кубаттуулугу көбөйтүлөт, учурда ал 180 мегватты түзөт. Ведомстводон кошумчалашкандай, Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.