Кыргызстанда мүлкүн легалдаштыруунун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, мөөнөт мурда белгиленгендей 9-июнда эмес, 31-декабрда аяктайт.
Документ ички-тышкы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жана активдердин сакталышын камсыздоого багытталат.
Эске салсак, Кыргызстанда 2 миң 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 миллион сомдон ашып, алар 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөгөн.