Азия өнүктүрүү банкы сомдун куну түшөрүн болжолдоодо

Азия өнүктүрүү банкы рублдин алсызданышына байланыштуу быйыл сомдун куну түшөрүн болжолдоодо. Каржы мекемесинин адистеринин айтымында, валюта курсунун туруксуздугун ооздуктоо үчүн Улуттук банк узак мөөнөттүү интервенцияларды жүргүзөт.

 

Ошондой эле, орус рублинин долларга карата алсыздануусунун фонунда кыргыз сомунун ыктымал болгон арзандашы 2023-2024-жылдары тышкы карыздын ИДПга карата катышына таасирин тийгизиши мүмкүн. Башкача айтканда, сомдун долларга карата курсунун төмөндөшүнүн айынан тышкы карыз көбөйүшү мүмкүн.