Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сомдон ашык каражат түштү

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сомдон ашык каражат түштү. 2020-жылдан 2024-жылдын январь-февраль айларына чейинки маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.

 

Сумма мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча каражатын төгүп берүү боюнча укук коргоо органдарынын атайын депозиттик эсептерине которулду.

 

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соңку эки жылда коррупция менен күрөштүн натыйжасында казынага 11 млрд сомдон ашык акча түшкөнүн билдирген.