Кара металл экспортуна киргизилген чектөө кайрадан узарды

Өкмөт ломду жана кара металл калдыктарын, алардан жасалган куймаларды экспорттоого тыюуну бүгүнтөн тарта кайрадан алты айга узартты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Токтомдун алкагында Экономика министрлигине Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлама берүү, Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине маалымат берүү тапшырмасы коюлду.