Кыргызстанда QR-код аркылуу төлөм жүргүзгөндөр көбөйүүдө

Улуттук банк QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүнүн негизги тенденцияларын айтып берди. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрына карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 63,2 миңден ашуун QR-коддор орнотулса, 2023-жылдын аягына карата 38,9 миң QR-код орнотулган.

 

Аймактар боюнча орнотулган QR-коддордун саны:

  • Баткен облусунда – 1 миң 630;
  • Жалал-Абад облусунда – 4 миң 719;
  • Ысык-Көл облусунда – 3 мин 205;
  • Нарын облусунда – 1 миң 245;
  • Ош облусунда – 5 миң 678;
  • Талас облусу – 1 миң 361;
  • Чүй облусунда -1 миң 361;
  • Бишкек шаарында 24 миң 984ү түздү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.