Келерки жылы Бишкектин шаар куруу документтерин иштеп чыгууга 65 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу ордо калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында жарыяланды.
Белгиленгендей, каражат тышкы донорлордон чогултулат.
Жалпы сумманын көбү шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга, калганы Бишкектин башкы планын тактоого жумшалат.