Кыргызстанда сасык тумоо боюнча абал туруктуу

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Венера Алымкулова билдирди.

 

Анын айтымында, өткөн жумада вирустук инфекцияларга чалдыккан 2 миң 500 учур катталса, дүйшөмбүдөн тарта бүгүнкү күнгө чейин 3 миң 500 учур катталды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.