Бишкектеги жаңы конуштарда мобилдик клиникалар уюштурулууда

Бишкектеги жаңы конуштарда мобилдик клиникалар уюштурулууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, клиника балдарга баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, эмдөө менен алдын ала турган жугуштуу ооруларды азайтуу жана кепилденген сапаттагы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

 

Анда Дордой, Ак Жар, Келечек конуштарынын медициналык уюмдарда каттоодо турбаган тургундары кабыл алынууда. Кампаниянын алкагында тургундар акысыз УЗИден өтүп, невропатолог, хирург, окулист, ЛОР, үй-бүлөлүк дарыгерлерден кеңеш ала алышат.