Кыргызстанда вакциналарды сактоочу кампалар курулууда

Кыргызстанда вакциналарды сактоочу кампалар курулууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда Токтогул, Ала-Бука, Баткен, Жалал-Абад, Нарын районунун Ак-Талаа айылында жана Ош облусунун Араван айылында объектилерди куруу иштери аяктады. Кербен айылында да кампанын курулушу аяктоо алдында турат.

 

Мындай жумуштар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында ишке ашууда.