Кыргызстанда сасык тумоого байланыштуу 47 бала бакча жабылды

Кыргызстанда сасык тумоого байланыштуу 47 бала бакча жабылды.

Оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматы боюнча, бул мектепке чейинки мекемелердин жалпы санынын 2,5 пайызын түзөт.

Мындан тышкары, катуу сууктан улам  Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым мектептери онлайн окутууга өттү.

Ведомство  курч респиратордук вирустук инфекцияга мониторинг жүргүзүү улантыларын белгилейт.

Анын алкагында кадимки тартипте иштеп жаткан бала бакчалар менен мектептерде сабакка катышуу көзөмөлү күчөтүлөт.