Кыргызстан 2 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттойт

Кыргызстан Казакстан менен Түркмөнстандан 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттойт.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, келишимдер тартыштыкты азайтуу максатында түзүлдү.

Чиновник ошондой эле бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,5 миллиард куб метрден ашканын белгиледи.

Бул былтыркыдан 800 миллион кубометрге көп.

Бирок, ошол эле учурда өлкөдө электр энергиясы рекорддук керектөө болуп жатат, муну менен сууну агызуу арбышы мүмкүн деп эсептелүүдө.

Мындан улам, бийлик жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат..